Сирия акыркы сегиз күндө беш генералын жоготту. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, беш генерал Дамасктын түндүк-чыгышындагы Хараст шаары үчүн согушкерлер менен болгон кармашта каза болгон. Бүгүн Сирия аскерлеринин бригадалык генералы Хайдер Хассан бир канча күн мурун Сириянын Хараст шаарындагы аскердик базада алган оор жаракатынан улам каза болсо, ушул эле шаардагы куралдуу кармашта 3-январь күнү генерал Ибрагим Юнустун каза болгону айтылган.
Буга чейин ушул эле шаар аймагындагы согушкерлер менен куралдуу салгылашуулардан үч генерал көз жумганы белгилүү болгон.