Ысык-Көлдө 2 коттедж, 1 кафе күйүп кетти

Ысык-Көл районунда өрттөн 2 коттедж, 1 кафе күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы борбордук пансионаттын өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат 7-январь күнү таңкы саат 4:40тар чамасында түшкөн.

"Өрт эртең менен саат 6:50лөр чамасында чектөөгө алынып, 10:30дар чамасында толук өчүрүлгөн. Натыйжада ошол жердеги пансионаттын 2 коттеджи, жанында жайгашкан “Осьминог” аттуу кафе күйүп кеткен. Өрттөн эч ким жаракат алган жок, учурда келип чыгуу себептерин такталып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Komrad
2018-01-07 16:12:21
Такталып жатат. Буткон бир иш барбы? 4 тон 10 го чейин толук очурулуп буттубу же толук куйуп буттубу?
+1
Kattaldym
2018-01-07 16:21:26
пансионаттын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан