Кыргыз өлкөсүнүн Түркмөнстандагы элчиси Жаныш Рүстөнбековдун жубайы каза болду

Бүгүн, 7-январда Кыргыз өлкөсүнүн Түркмөнстандагы элчиси Жаныш Рүстөнбековдун жубайы Айгүл Осмонова узакка созулган оорудан улам 68 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эмгек жамааты элчи Жаныш Рүстөнбековдун жубайынын каза болгонуна байланыштуу, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт", - деп айтылат маалыматта.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Айгүл Осмонованын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Reakciya
2018-01-07 17:24:02
Аялы 68 жашта болсо элчи озуда 75 ти уруп калганго. Чалдар кетиш керек эми бийликтен.
+5
rysik79
2018-01-07 19:38:55
Ошто губер болуп жургон илгеери эми элчи. Тойбойт бул чириген бай болбосо
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан