Өзбекстанда аскер кийимин уруксаты жок кийип жүргөндөргө айып салынат. Бул тууралуу өзбекстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, тиешелүү мыйзамга өлкө башчы Шавкат Мирзийоев кол койгон.
"Административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдө аскер формасын уруксаты жок кийген жаранга өлкөдөгү эң аз 5 айлык акы өлчөмүндө айып салынат. Бул 100 долларды түзөт. Ал эми жаран мыйзамсыз кийип жүргөн форма конфискацияланат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары Мирзийоев башка мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө, атуулдардын коопсуздугу жана эркиндиги боюнча бир канча мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгондугу айтылат.