Өкмөт башчы Сапар Исаков вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовду сунуштоодо. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Муканбетовдун талапкерлигин 9-январда карайт. Акыркы чечим Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алынат.
Буга чейин вице-премьер-министр кызматын Толкунбек Абдыгулов жетектеп келген. Ал Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган соң вице-премьер-министрлик орун бош калган болчу.
Санжар Муканбетов учурда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтын жетекчиси.