Лос-Анжелесте "Алтын глобус" 75-сыйлык тапшыруу аземи өтүүдө. Анда жылдыздар мурда айтылгандай эле, Голливуддагы сексуалдык зордук-зомбулуктарга каршылык көрсөтүү иретинде кара түстөгү кийимдерди кийип келишкен. Аны менен катар айымдарды колдоо иретинде "Time is Up" фонду түзүлгөн. Анда белгилүү бренддер жана мода үйлөрү буга чейин жылдыздар кызыл килемден алардын кийимдерин кийип өткөнү үчүн аларга акча төлөп беришсе, бул ирет ал каражатты аталган фондго которуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Кызыгы фонддун демилгесин жылдыз айымдар гана эмес, эркектер да колдоого алышкан: Жастин Тимберлейк, Жуд Лоу жана башкалар.
Голливуд актрисасы Анжелина Жоли да зомбулуктарга каршы экенин билдирип, кара түстөгү көйнөк менен кызыл килемден өттү. Актриса "Алтын глобустун" сыйлуу коногу эле эмес, катышуучусу дагы. Анын "Алар биринчи менин атамды өлтүрүшкөн" тасмасы "Мыкты чет элдик фильм" наамына ат салышууда.
Жаш модель Кендалл Женнер өзүнүн өзгөчө көйнөгү менен "кара ак куу" атка конду.
Буга чейин "Алтын глобуска" кара көйнөк кийип келе турганы коомчулук ичинде көп талкуу жараткан актриса Мерил Стрип элдин ой-пикирине көңүл бурбастан, өңү кара, узун көйнөк кийип келген.
"Грей мырзанын 50 кыры" тасмасы аркылуу таанылган Дакота Жонсон да өзгөчө көйнөгү менен элдин көңүл чордонунда болду.
Таттуу түгөйлөр Жастин Тимберлейк жана Жессика Бил.
Белгилүү модель Наоми Кэмпбелл.
Актриса жана модель Пенелопа Крус.
Кара түстө кийинген атактуулар: Натали Портман, Америка Феррера, Эмма Стоун жана Билли Жин Кинг.
Аземге айымдар гана эмес, эркектер да кара түстө кийинип келишкен.
"Алтын глобус" - жыл сайын кино жана теле жаатында ийгилик жараткан белгилүүлөрдү аныктап, сыйлык тапшыруучу азем.