Министр кызматкерлер нааразы болгон №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы иштен алынарын айтты

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Айдарбек Шакиров кызматтан бошотула турганын айтты. Анын айтымында, Айдарбек Шакиров буйрук боюнча 9-январдан тарта бошотулат.

"Ал эми Шакировдун күнөөлүү же күнөөлүү эместиги боюнча сот чекит коюшу керек. Коррупция боюнча күнөөлөй турган болсок, бааны укук коргоо органынын кызматкерлери бериши керек", - деди министр.

Эскерте кетсек, бүгүн, 8-январда аталган борбордун кызматкерлери Айдарбек Шакировду коррупцияга малынган жана кол алдындагы кызматкерлерге жаман мамиле кылат деп айыптап митингге чыгышкан. Эртең менен чогулгандардын саны 50дөй болсо, бара-бара алардын саны 100гө чукулдады. Алар министрликтин имаратынын алдында митинг уюштурушкан. Андан соң аларды министр Талантбек Батыралиев кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2018-01-08 12:06:24
Текебаевди бирөөнүн жалган көрсөтмөсү менен эле соттоп жиберишти,ушунча кызматкерлер жалган маалымат бербейт да кана ушуга окшогон коррупционерлердин колун кайрып камакка алганы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан