Бүгүн, 8-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкек шаарынын экологиясы, абанын булганышы акыры тийиштүү мекемелердин көңүл буруусуна татыды. Кайсы бир кезде “жашыл шаар” аталган Бишкектин асманын көк түтүн каптап калганы, мындай абал ден соолукка коркунуч жаратары, өкмөттөн чара көрүү зарылдыгы айтылып, жазылып, сүрөттөргө да тартылып келе жатканына көп болгон.
2017-жылы декабрда депутат Дастан Бекешев Бишкекте абанын кескин булганышын айтып чыккан. Депутатка жооп кылган катында Экология жана техникалык коопсуздук инспекциясы акыркы айларда Бишкекте абадагы зыяндуу заттардын көрсөткүчү нормадан 2-3 эсе ашып кеткенин ырастады. Мисалы, 1 айлык орточо көрсөткүч боюнча азот диоксиди нормадан 2,2 эсе, формальдегид 3,6 эсе ашыкча болуп чыккан. Көмүртек оксидинин деӊгээли болсо тийиштүү жабдуу жок делинип 17 жылдан бери аныктала элек.
Абанын кирдеши боюнча мамлекеттик органдарда бирдиктүү пикир жок. Экотехинспекция Бишкекте абанын булганышын автоунаалардын нормадан көптүгү менен түшүндүрүп, Бишкек 40-45 миӊ автоунаага гана ылайык экенин билдирди. Борбор калаада учурда 400 миӊдей автоунаа катталган. Күнүнө шаарда 250 автобус, 3 миӊдей кичи автобус каттамга чыгат. Инспекция автоунаадан чыккан түтүндүн абага тийгизген таасирин көзөмөлдөөгө тийиштүү эч бир документ жок экенин айтат.
Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы Бишкектин абасы жаӊы конуштарда үйлөрдүн көбүндө көмүр жагылып жатканы үчүн булганууда деп эсептейт. Мурда тийиштүү орган үйлөрдү электр энергиясы менен жылытуудан баш тартууга үндөп, чубалгылар басымды көтөрө албай жатканын айтып келген. Үйлөрдү көмүр менен жылытуу Бишкектин атмосферасын бузат десек, анда элди жетиштүү көлөмдө, төлөгөнгө мүмкүн баада электр энергиясы жана газ менен камсыз кылуу керек болот. Азырынча элде көмүргө кенен альтернатива жок.
Абаны Бишкектин жылуулук электр борборунан (ТЭЦ) чыккан түтүн кирдетип жатканы да айтылып, талкууланып, тийиштүү чаралар көрүлүшү керек эле. Өкмөт 2016-жылы Кытайдан карызга алынган 386 миллион долларга Бишкек ЖЭБин жаӊылаган. Анда эски жабдуулар жаӊысына алмаштырылып, түтүндү тазалоочу фильтрлер коюлуусу керек эле. Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчилигине ЖЭБдин абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусун азайтуу тапшырмасын берди. Исаков Бишкекте абанын булганышы боюнча жарандардын даттануусу негиздүү деген пикирде. ЖЭБ оңдоодон өткөн биринчи эле кышта талапка жооп бербесе, аны жаӊылоого кетти делген миллиондор эмнеге коротулду?
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдө жылына 2 миллиондой адам булганган абанын айынан каза болот.
Өкмөт Бишкекти акырындык менен 100 пайыз автобус каттамына өткөрүүнү пландоодо. 2017-жылы декабрда "Газпромбанктан" 50 миллион доллар насыя алуу, акчага газ менен жүрүүчү 350 автобус сатып алуу макулдашылган. Автобустар жаз айларында алынып келери күтүлүүдө. Исаков муну менен Бишкектин экологиясы жакшырат деген ишеничте.
Абаны жакшыртуунун классикалык ыкмасы – жашыл чөйрөнү көбөйтүү. Бак-даракты көп отургузуу, жашыл бактуу сейил бактарын, гүл бактарды көбөйтүп, көчөлөрдүн жээктерин жашылдандыруу керек. Бишкектин шаар башчылыгы маселенин бул жагын көтөрүп чыкпай, унчукпай отурат. Ал эми сейил бактарды акчалуу чиновниктер четинен кесип алып хан сарайларды салып, дагы бирлери сейил бактын аймагына ресторандарды куруп, кичи райондордогу жашыл аймактарды эчак курулуш үчүн соодалап жиберишкен...
2017-жылы салык төлөөчүлөрдөн бюджетке түшкөн акчаны иш сапарларга чыгымдоо жагынан Билим берүү жана илим министрлиги алдыга чыкты. Министрлик 1 жылда кызматтык сапарларга 43 миллион 967 миӊ сом жумшаган. "Ачык бюджет" порталындагы маалыматка таянсак, министрлик 2016-жылы сапарларга 39 миллион сом сарптаган. Өткөн жылы 2016-жылкыдан дээрлик 5 миллион сомго көп. Ал эми Тышкы иштер министрлиги 2016-жылы иш сапарларга 15 миллион 189 миӊ сом жумшаса, 2017-жылы дароо 13 миллион сомго секирик жасап 28 миллион 796 миӊ сом сарптаган. Калган министрликтердин, Жогорку Сот, Башкы прокуратура өӊдүү мекемелердин да 2017-жылдагы сапарларга короткон жылдык чыгымы 2016-жылкыдан миллиондорго өскөн.
2018-жылга республикалык бюджетти Жогорку Кеӊеш 20 миллиард сом тартыштык менен кабыл алып, президент кол койду. Билим берүү министрлиги бюджеттен каралган акчадан тышкары, кошумча каражат керектигин билдирүүдө. Жакында Евробиримдик Кыргыздын билим берүү тармагын колдоо үчүн 10 миллион евро гранттык каражат берүүнү чечти. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев республикалык бюджеттин 24 пайызы билим берүү тармагына жумшалып жатканын, мамлекеттик казынадан билим берүүгө акча бөлүү жагынан Кыргыз мамлекети дүйнөдө лидер экенин көп айтып жүрдү. Мисалы, 2016-жылы тармакка 28 миллиард сом бөлүнгөн. Бюджетинин жылдык кирешеси 140 миллиард сомдун тегерегин түзгөн мамлекет үчүн 28 миллиард аз эмес сумма. Сапарлар үчүн гана айына 3,5 миллион сом короткон министрлик эмне жыйынтык көрсөтүп жатат? Мисалы, 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта бардык мектептерде окуу китептери кайрадан ижарага берилип баштайт. Себебин министрлик "окуучуларды керектүү китептер менен камсыздоого акча жок" деп түшүндүрүүдө. Жыл сайын окуу китептерин чыгарууга 600 миллион сом талап кылынат. Мектептерде түрдүү себептер менен окуучулардан акча жыйноо адаты тыйыла элек. 2014-жылдан бери республикалык бюджеттен кыргыз тилин өнүктүрүүгө 142 миллион сом бөлүнүп, акчанын бир бөлүгү Билим берүү министрлигине берилген. Жакында депутаттар министрликти "Кыргыз тилин өнүктүрүүгө деп бөлүнгөн акчага чет өлкөнүн китептери чыгарылып жатат" деп сындашып, акча максатсыз жумшалып жатканын айтып чыгышты.
“Ачык бюджет” порталындагы маалыматтарда көрүнүп тургандай, мамлекеттик мекеме, министрликтер 2016-жылга караганда 2017-жылдагы чыгымдары миллиондорго көп болгон. Салык төлөөчүлөрдөн түшкөн акчаны сарптоо өссө, демек, анын жыйынтыгы да болуусу кажет. 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы элдин жашоосу жакшырдыбы, эмне жылыш болду деген мыйзамдуу суроо жаралат...
Түркиялык "Derin Ekonomi" басылмасы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевди 2018-жылы дүйнөнү өзгөртүүгө таасир берүүчү 10 адамдын бири деп тапты. Мирзийоев Өзбекстанда жана геосаясатта кырдаалды өзгөртүүгө жөндөмдүү экенин көрсөтө алганы айтылат маалыматта. Тизмеде Бириккен Араб Эмираттарынын, АКШнын, Сауд Арабиянын жогорку кызматтагы чиновниктери да бар.
Шавкат Мирзийоев Өзбекстанды 2016-жылдын декабрынан бери жетектөөдө. Эксперттер Өзбекстандын лидери реформатор экенин көрсөтүүдө деп баалашууда. 2017-жылы апрелде Мирзийоевдин Орусияга жасаган иш сапарында Орусия менен Өзбекстандын ортосунда 16 миллиард доллар суммасында 55 документке кол коюлган. Ушундай эле ири суммадагы келишимдер Кытай, АКШ өңдүү өлкөлөр менен түзүлүүдө.
Буга чейин аймактагы “жабык” өлкөлөрдүн бири катары саналып жүргөн Өзбекстан Мирзийоев бийликке келгенден тартып коңшу өлкөлөргө “эшик ачты”. Алардын катарында Кыргыз өлкөсү да бар. Кыргыз-Өзбек мамилеси Өзбекстандын башына Мирзийоевдин келиши менен жакшырды...