Элчилик: "Орусияда 5-кабаттан кулап кеткен Жаркынай Юсупованын апасына жана дарыгерлерине элчиликтин кызматкерлери жолугат"

Орусияда 5-кабаттан кулап кеткен Жаркынай Юсупованын апасына жана аны карап жаткан дарыгерлерге элчиликтин өкүлдөрү жолугушат. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Орусиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

"Бүгүн элчиликтин кызматкерлери Жаркынай Юсупованын дарыгерлерине жана апасына жолугат. Кызматкерлер Жаркынайдын операциясын канча убакыттан кийин жасатуу керек жана кандай кылып арзан жасатса болот деген суроолордун тегерегинде иш жүргүзөт", - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, Москвада иштеп жүргөн Кыргыз жараны Жаркынай Юсупова 5-кабаттан кулап кетип оор жаракат алган. Ал ооруканага жаткырылып алгачкы ирет операция жасалган. Учурда ага дагы операция жасоо үчүн 300 миң рубль керектелет. Анын мындай каражатты табууга чамасы жетпегендиктен апасы коомчулуктан жардам сурап кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан