"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Оорукананын оңдоп-түзөө иштерине деп кызматкерлерден 120 сомдон чогултулган эмес"

Ош облустук балдар клиникалык ооруканасын оңдоп-түзөө иштерине деп кызматкерлерден 120 сомдон акча каражаты чогултулган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына Ош облустук балдар клиникалык ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Айгүл Азизова өзү кабарлады.

"Оорукананын оңдоп-түзөө иштерине деп кызматкерлерден 120 сомдон алынган эмес. Бул жайда эч кандай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткан жок. Болгону көз оорулар бөлүмү 1-кабаттан, 2-кабатка көчтүк. Аталган бөлүмдө кызматкерлер арасында орун алмашуулар болгондуктан, кээ бири нааразычылыктарын билдиришкен. Биз алардын көйгөйлөрүн чечип, кызматкерлер жумуш орундары менен камсыздалды", - деди бөлүм башчы.

Буга чейин окурман тарабынан порталдын "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош облустук балдар клиникалык ооруканасын оңдоп-түзөө иштерине деп кызматкерлерден 120 сомдон акча каражаты чогултулуп жаткандыгы тууралуу маалымат келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ermekbai
2018-01-08 14:33:19
Актанбагылачы шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт.
+6
tolkun9090
2018-01-08 15:29:34
Ай эл калпты суйлобойт. Супер инфо жамааты сиздерге кайрылам Эмне учун эл ушундай жоопторго ишенип журо беребизби.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан