Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев катуу шамалдан жабыркагандар үчүн жөнөтүлгөн шифер өз баасында эле сатылганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, башында шифер жөнөтүлгөндө бааны эч ким билген эмес. "Чынын айтсам шифер канчадан сатыла турганы боюнча мен да билген эмесмин. Ошол учурда шифердин бир даанасы 250 сомдон, 270 сомдон сатылат деген сөздөр айтылыптыр. Кийин "Кант" заводу менен сүйлөшкөндөн кийин гана 260 сомдон сатыла турганы белгилүү болгон. Шифер 270 сомдон сатылган жок. Эл арасында ушундай сөздөр айтылып кеткен", - деди Сонунбек Акпаралиев.
Эске салсак, бүгүн окурман "Элдик кабар" рубрикасына аталган районго караштуу Көк-Серек айылында шамалдан жабыркагандарга жөнөтүлгөн шифер өз баасында сатылбай жатканын билдирген. Окурман 260 сомдон сатыла турган шифер 270 сомдон сатылганын айткан. 27-декабрда болгон катуу шамалдан жабыркаган айылдарга 2-январда шифер жөнөтүлгөн.