Депутат Зиядин Жамалдинов: "Үйдө куралдан тышкары башка нерселер да уурдалган"

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдиновдун үйүндө куралдан тышкары башка нерселер да уурдалган. Ал ок атуучу мылтыктарды 2008-жылдан бери аңчылык кылуу үчүн колдонуп келген. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты өзү кабарлады.

"Айылдагы үйүмдө мен өзүм, апам убактылуу жашайт. Жумуштарга байланыштуу барып-келип турам. Куралдар уурдалган күнү үйдө эч ким жок болчу. Аны мен 4-январь күнү уктум. Куралдардан тышкары башка нерселер да уурдалган. Мен Бишкекте болгондугума байланыштуу, дагы эмне жоголгондугун так билбейм. Милицияга агам барып арыз жазды", - деди Жамалдинов.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 4-январь күнү депутат Зиядин Жамалдиновдун Ноокат районунун Жал айылындагы үйүнө белгисиз адамдар терезе аркылуу киришип, сайлуу жана сайсыз эки аңчылык кылуучу мылтыкты уурдап кетишкен. Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиргендей, бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KGstan1981
2018-01-08 15:46:42
Жал айылы(Кулатов айыл округу) Кызыл-Кыя шаарына жакын жайланышкан.Озу мыйзам боюнча курал жаракты атайын коду бар сейфтерде сакташ керек.Бирок бизде Кыргызстанда буга окшогон жеп жутарларга мыйзам иштебейт.
+7
Bars88
2018-01-08 16:20:45
Анчылык кылам деп жаныбардын баарын туготушту ушуга окшогондор.Буларга мыйза́м иштейби же каалаган нерсесин ата беришеби
+8
almanbetperm
2018-01-08 16:48:29
Аааа Апшырга чыкчуу экенда анчылыка
+4
jbolotov
2018-01-08 17:47:33
Сайлуу мылтыкты ЖКнын депутаты, мыйзам адамы алып жургону мыйзамдуубу же разрещения берилген беле? Биздеги закондор боюнча сайсыз же травматикалык куралдарды мыйзам чегинде документи менен алып журсо болот эле? СИ журналистер сырларды кенен жайгылада ))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан