Кыргыз өлкөсү дүйнөлүк гидрометеорологиялык уюмга мүчөлүк акысын 10 жылдан бери төлөй элек

Кыргыз өлкөсү Дүйнөлүк гидрометеорологиялык уюмга мүчөлүк акысын 10 жылдан бери төлөй элек. Бул тууралуу бүгүн, 8-январдагы Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргызгидрометтин башчысынын орун басары Рыскелди Асанкожоев билдирди.

"Кыргыз өлкөсү Дүйнөлүк гидрометеорологиялык уюмга 1994-жылы мүчө болгон. Ошондуктан жылына 13500 швейцариялык франк мүчөлүк акы төлөшү керек. Тилекке каршы, акыркы 10 жылдан бери мүчөлүк акы төлөнбөй келүүдө. 2017-жылы аны төлөө боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Карыздар төлөнөт", - деди Асанкожоев.

Маалымат үчүн: 13 миң 500 швейцариялык франкы 13 миң 800 АКШ долларын түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KUBI
2018-01-08 15:18:02
Бербей эле чонтокко салып алгыла, эки жакты карап койуп.
+6
edik-kg
2018-01-08 16:07:43
Эки депутаттын машинасын сатса толонуп калат экен
+5
beknur95
2018-01-08 19:15:10
edik-kg,туура айтасын
+1
nurbek56
2018-01-08 22:24:12
Мындай кылгыла кароче дегиле Аскар Акаев качты толободу Бакиев качты толободу Атамбай кетти толободу эми не мен толоймбу бар ооо инвалид Нурбекке баргыла пенсиясынан болуп болуп толойт дегиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан