"Кыш жеңил болуп, тоолорго кар аз жаап жатат. Бул кийинки жылы суунун тартыштыгына алып келиши мүмкүн", - деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргызгидрометтин башчысынын орун басары Рыскелди Асанкожоев. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-январдагы Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Бирок азыр аны айтууга бир аз эрте. Кыштын экинчи айы эми башталды", - деп улады Асанкожоев.
Аталган комитет жыйынында “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоору гидрометеорологиялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү жеке жана жооптуу кызмат адамдары тарабынан мыйзам талаптары бузулса администрациялык жоопкерчилик белгилөө максатында иштелип чыккан.