Сириянын Идлибе шаарында жардыруудан 30 адам каза болуп, 70 адам оор жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Идлибе шаарындагы жардыруу боюнча видео жарыяланган. Видеодо жергиликтүү тургундардын автоунаалары жардырылганы тартылган.
Эске салсак, кечээ, 7-январь күнү кечинде бир канча жардыруу катталган. Алардын бири унаа токтоочу жайга жакын соода түйүнүндө болгон.