Парламент комитетинде мектептердеги окуу жумалыгын 5 күндүк ченемге өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 8-январда парламенттин тийиштүү комитетинде мектептердеги окуу жумалыгын 5 күндүк ченемге өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, окутуунун 5 күндүк ченеми ишке кирсе, ал менчик мектептерге дагы тиешелүү болот.

"Мектептерде 6 күндүк окутуу мугалимдерге жана окуучуларга ашыкча түйшүктөрдү жаратат. Окуучулар үчүн ар кандай спорттук секцияларга, ойдогудай эс алуу үчүн убакыт калбай калат. Окуучу жумасына 6 күн бою билим алуу менен, дем алыш күнү үй тапшырмаларын аткаруу менен алектенет. Ошондой эле мугалимдер да дем алыш күндөрү берилген башка тапшырмаларды текшерүүгө муктаж болушат. Андыктан мугалимдерде эс алуу үчүн бир да күн болбойт", - деп жазылат мыйзам долбоордо.

Бул мыйзам долбоордун демилгечиси КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mikra
2018-01-08 16:48:35
Эн сонун болмок.айрыкча пригород орто мектебин 5 кундуко откозуш керек.бул мектепти ойуна койсон жекшембида окутушмак.пригород мектебинда карап койгула окмоттогулорго рахмат.биздин балдарды мугалимдерди аяп 2кун эс алуу кылганына.
+1
jypara1415
2018-01-08 20:35:54
Туура , копчулук колдойт болуш керек . Мугалимдер да , жекшемби куну коп иштерге жетишпейт . Балдарын бала - бакчага берген мугалимдерге да кыйын болду , ишемби кун да дем алуу куну болсо баарына ынгайлуу .
0
aman0296
2018-01-09 00:57:36
Бизде 5 эле кун окушат 1-11 класстар. Бирок 6-7 сабак болот
0
Totyua.71.
2018-01-09 15:43:35
Мугалимдер алтынчы куну кружок иштери боюнча иштейт,кайсы эс алуу..?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан