Бүгүн парламент комитетинде вице-премьерлик кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралат

Бүгүн, 9-январда парламенттин тийиштүү комитетинде вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Анын талапкерлигин премьер-министр Сапар Исаков сунуштады. Жыйында Муканбетовдун талапкерлигин биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев тааныштырат.

Буга чейин вице-премьер-министр кызматын Толкунбек Абдыгулов жетектеп келген. Ал Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган соң вице-премьер-министрлик орун бош калган болчу.

Санжар Муканбетов учурда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан