Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгына карабай, 2017-жылы аткаминерлер мамлекеттин эсебинен кызматтык сапарларга кетирген чыгымы 2016-жылга салыштырмалуу бир топ жогору болгон. SUPER.KG "Ачык бюджет" порталына баш багып, 2017-жылдагы мамлекеттик мекемелердин кызматтык сапарларга жумшаган чыгымдарын тизмектеп, 2016-жылдагы коротууларга салыштырып чыкты.
Жогорку Кеңеш өткөн 2017-жылы кызматтык иш сапарлары үчүн 18 миллион 113 миң сомдон ашык каражат жумшаган. Бул жылы 2016-жылга салыштырмалуу көп айырма болгон эмес. 2016-жылы парламент кызмат сапарларына 18 миллион 513 миң сом жумшаган.
Ал эми президенттик аппарат иш сапарларына 12 миллион 489 миң сом короткон болсо, 2016-жылы 8 миллион 129 миң сом коротулганын көрүүгө болот.
Өкмөттүн аппараты 17 миллион 816 миң сом короткондугу көрсөтүлгөн. 2016-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5 миллионго аз.
Эң көп каражатты кызмат сапарына жумшаган Билим берүү жана илим министрлиги 43 миллион 967 миң сом жумшаган. 2016-жылга салыштырмалуу бул министрликтин сапарга жумшаган каражаты 4 миллионго өскөн.
Тышкы иштер министрлиги 2017-жылы 19 миллион 383 миң сомдон ашык болсо, 2016-жылы 15 миллион 180 миң сом короткон.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги 25 миллион 942 миң сомго иш сапарларын жасашкан. 2016-жылы министрликтин иш сапарларга кетирген акчасы 22 миллион 346 миң сомду түзгөн.
Экономика министрлигинин иш сапарга арналган чыгымдары азайып 20 миллион 140 миң сомду түзгөн. 2016-жылы бул министрлик 24 миллион 037 миң сомго иш сапарын аткарышкан. Ушундай эле кызмат сапарына кеткен чыгымдардын кыскарышы Саламаттыкты сактоо министрлигинде байкалды. Бул министрлик 2017-жылы 18 миллион 702 миң сом коротсо, 2016-жылы 20 миллион сомдон ашык каражатты кетиргенин көрүүгө болот.
Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитети 19 миллион 833 миң сомго иш сапарына чыккан.