Орусияда унаалардын терезесинен тамеки ыргытууга тыюу салынды

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев өрт коопсуздугунун эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөрдү бекитти. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Өзгөртүүлөргө ылайык, поезддерде жана унаалардын терезелеринен күйүп жаткан тамекинин калдыктарын ыргытууга тыюу салынат. Чылым чегүүгө атайын белгиленген жайларда гана уруксат берилет. Ошону менен катар эле унаа жүрүүчү жолдордун жана темир жолдордун айланасына көмүр, күл төккөнгө жол берилбейт.

Поездде коопсуздук талаптарын аткарбагандарга 2 000 рублга чейин эскертүү иретинде айып салынышы мүмкүн. Буга чейин тамекинин калдыктарын ыргыткан адамдарга 1 000 рубль айып салынчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kalmurzaev8900
2018-01-08 20:39:20
Мына сага озгорулор Эми чегалбайт экенбизда эшикте
+2
Dembele84
2018-01-08 22:41:17
Буга чейин деле тамекини коомдук месталарда чекпегиле деп закон чыккан.Элдер ошол боюнча эле чегип келатат коомдук жайларда.Айнектен ыргытканды деле коруп,кармабаса элдин айнектен ыргытканы ыргыткан.1-январдан тарта Россияда энергетика ичимдерге тыюу салынды-деп жаздынар эле,бирок эч озгоруусуз бардык магазиндерде сатылып жатат!
+2
daniel87
2018-01-09 00:37:33
Dembele84,туура айтасыз орус туугандар сигарет чеккен боюнча алдына Адам салдырбайт болуш керек !
+1
Badr.Hari.
2018-01-08 23:54:23
Иштебеген кезектеги туфта закон.
+2
Rifle_I
2018-01-09 02:26:03
Кыргызстанда да адепсиз айдоочулар, арасында малдан айрымасы жоктору да көп. Аларды качвн тарбиялайбыз ?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан