Бүгүн, 8-январда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинде Ала-Букадагы "Иштамберди" алтын кенин иштеткен компаниядан жумуштан бошотулган 400 жарандын маселеси каралды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда "Иштамберди" кенин иштеткен “Фулл Голд Майнинг” компаниясынын өкүлү Чи Шуань Тань кызматкерлердин массалык жумуштан бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди.
"Эмгек келишимин узартуудан баш тартты" деген туура эмес. Биз сүйлөшүү жүргүздүк. Келишимдин мөөнөтү 31-декабрда соңуна чыккан. Жаңы келишимде айрым пункттар өзгөргөн. Биз айрым бир пункттар боюнча орток пикир таба алган жокпуз. Бирок сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Биздин компания иштегенден бери чыгымга учурап жатат. Компания бул кенге 200 миллион доллар жумшады, иштегенден бери маянага 958 миллион сом төлөп бердик. Жумушчулар аябай көп чыгым келтирип жатат. Ошондуктан келишимди өзгөртүүнү чечтик. Ушул катаал учурду чогуу баштан кечиргенге жардам беришин сурайбыз. Акчабыз актала элек, банкрот болбош үчүн ушундай кадамдарга барып жатабыз", - деди ал.
Кытай компаниясынын өкүлүнүн айтымында, ишкана кызматкерлердин тажрыйбасына кошумча акы төлөөдөн баш тартып, тамак-ашка берилчү күнүмдүк акчаны азайткан. Ошондой эле ар бир жумушчуга маянадан сырткары берилчү айына 3 миң сом акча берүүнү да токтотмокчу болгон. Ал Кытайдан келген жумушчулардын саны дагы 30 пайызга кыскартыла турганын билдирди.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Улан Рыскулов "Иштемберди" кенин иштетүүгө “Фулл Голд Майнинг” компаниясына 20 жылга лицензия берилгенин, ошондуктан жумушчулар менен мөөнөтсүз келишим түзүлүшү керектигин билдирди.
Буга чейин Ала-Бука районундагы "Иштамберди" алтын кенин иштеткен кытайлык “Фулл Голд Майнинг” компаниясы 400 жумушчуну иштен бошоткондугу маалымдалган.