Бүгүн, 9-январда парламенттин тийиштүү комитетинде вице-премьер-министрлик кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралып жатат.
Анда КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев мамлекеттик лотерея ишканасын курууга багытталган мыйзамдын ишке ашуусу боюнча сурады. "Бул маселени үч жыл мурун сунуштадыңыздар эле. Ишке аштыбы? Үч жылдан бери жыйынтык бериш керек болчу", - деди Карашев.
Санжар Муканбетовдун айтымында, мамлекеттик лотерея ишканасын куруу ишке ашкан эмес. "Тендер өткөн. Туура эмес өтүп калып, тендер жокко чыгарылган. Премьер-министрдин тапшырмасы менен республикалык бюджеттин эсебинен 2018-жылы ишке ашырабыз", - деди Муканбетов.
"Лотерея жөнүндөгү" мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 30-мартында кабыл алган.