Бүгүн, 9-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеӊештин депутаттары Экмат Байпакбаев менен Бакирдин Субанбеков калпакты мамлекеттик символ катары бекитип, өлкө жетекчилигинин сыртка иш сапарларында сөзсүз кийилсин деген мыйзам долбоорун сунуштап чыгышты. Ага ылайык, президент, төрага, премьер-министр сырттагы иш сапарларда калпак кийип жүрүүгө милдеттүү болот. Калпактын аброюн көтөрөт деп башка нормалар дагы каралууда. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ак калпак - кыргыз эли илгертеден колдонуп келе жаткан улуттук символ, кастарлап кийүүчү баш кийим. Аны кыргыздын жашоосунан зордоп алып салуу, жоготуп салуу мүмкүн эмес. Бирок аны таӊуулап сүйдүрүү да мүмкүн эмес. 2016-жылы Жогорку Кеӊеш 5-мартты Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө токтом чыгарган. Муну менен Кыргыз өлкөсүндө калпактын учурдагы мааниси өзгөрүп кеттиби? Тилекке каршы, андай болгон жок. Кытайдын синтетикалык кийизинен начар сапатта тигилген арзан калпактар аш-тойлордо ондоп, жүздөп кийитке берилип, ал кийилбей кийинки тойлорго көчүп, сандыктан сандыкка өтүп жүргөнү токтой элек.
Улуттук баалуулуктарга карата сый адамдын жүрөгүндө жашабаса, аны мыйзам менен таңуулоо тескери жыйынтык берери анык. Эгемендүү Кыргыз өлкөсү басып өткөн жол боюнча караганда бийлик башындагылар менен кошо бара-бара алар кийген калпак дагы элге жек көрүндүгө айланышы мүмкүн.
Элдин атынан мыйзам чыгаруу бийлигине өкүл болуп шайланып келгендер элдин жашоосуна, мамлекеттин өнүгүшүнө түздөн-түз тиешеси бар олуттуу маселелерди көз жаздымда калтырып, популисттик иштерге убакыт коротуп жатышканы кейиштүү. Жарандарды кантип жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо керек, медициналык тейлөөнүн сапатын кантип жакшыртуу керек, чет жактан алынып жаткан тышкы карыздар максаттуу, өз дарегине пайдаланылып жатабы, экологияны канткенде жакшыртып, таза суу байлыгын кантип сактап калабыз, ал үчүн кандай мыйзамдар топтому керек, шайлоо алдында элге берген убадалар аткарылып жатабы, дайыма айтылып, бирок аткарылбай келе жаткан сот реформасын кантип жүзөгө ашыруу керек? Эл өкүлдөрү ойлонуп, талкууга алып чыга турган, көзөмөлдөй турган маанилүү маселелер көп...
Кыргыз жеринде аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. "Кыргызгидромет" 11-12-январда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар, катуу жамгыр жаай турганын эскертүүдө. Катуу шамал болуп, тоолордо көчкү жүрүшү мүмкүн. Өлкөнү суук каптайт.
Бул маалымат энергетика тармагын тескеген мамлекеттик органдарды, Транспорт жана жолдор министрлигин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин, Бишкек, Ош өӊдүү шаарлардын мэрлерин “ойготуусу” керек. Жаӊы жыл алдында 1 түндө жааган кар Бишкек-Ош жолунда унаа каттамын 3 күнгө үзгүлтүккө учуратып, Төө-Ашуу, Өтмөк, Ала-Бел ашууларында 3 күн унаа тыгындары жаралды. Чүй жана Талас облустарында 10 район электр жарыгысыз калышкан. Бишкектин жолдору кардан толук тазаланбай, айдоочуларды да, жөө жүргөндөрдү да жүдөттү. Кыскасы, бир жолу жааган кар жооптуу органдардын кышка даяр эместигин көрсөттү. Бул жолу өткөнкү кемчиликке жол берилбейт деген үмүт бар...
27-декабрдагы катуу шамал Ала-Бука, Бакай-Ата жана Манас райондорунда жүздөгөн үйдүн чатырын учуруп кеткен. Шамалдан жабыр тарткандарга жардам болсун деп 2-январда өкмөт Ала-Букага 6740 даана, Таласка 1210 даана шифер жөнөткөн.
Ала-Букада жергиликтүү бийлик шиферди элге 270 сомдон, өз баасынан 10 сомго кымбат сатып, элде нааразычылык жаралды. Аймактын жашоочулары SUPER.KG порталына кайрылып "өкмөт шамалдан жабыркагандарга жардам болсун деп жеткирүү чыгымын өзүнө алып, заводдун баасында шифер жиберсе жергиликтүү бийлик даанасына 10 сомдон кошуп сатыптыр. Элдин кыйынчылыгынан акча жасабай эле коюшпайбы?” - деп суроо салышты. Маалыматка таянсак, элде нааразычылык чыккан соӊ шифер 260 сомдон сатылып баштап, бул иштен ММКлар кабар тапкан соң 10 сом ашыкча акчаны элге кайтарып беришкен. Райондун акими алгач бул маалымат жалган деп кыска жооп узаткан. Ошентсе да эртеси шифер ар кандай баада сатылганын, кийинчерээк бирдиктүү баа калыпка келтирилгенин моюндады. Коомдук көзөмөлдүн жардамы ошентип ансыз да жабыр тартып турган элди ашыкча чыгымдан сактап, кайгыдан акча жасагысы келген жергиликтүү чиновниктердин жүзүн ачты...
Премьер-министр Сапар Исаков ЕАЭБдин Бажы кодексинин күчүнө киргизилиши жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеӊештин кароосуна жиберүүдө ката кетирген чиновниктерди жазалады. Экономика министри Артём Новиковго, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго сөгүш берилсе, бул экөөнүн орун басарларына катуу сөгүш жарыяланды. Өкмөттүк аппаратта бир топ кызматкерлер кызматтан алынганы айтылып, аттары аталбады.
Эске салсак, 27-декабрда парламент ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамды "кол коюлгандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет" деп кабыл алган. ЕАЭБге кирген бардык өлкөлөрдө мыйзам 15 күн күтпөй, 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүгө тийиш эле. Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбеков документти артка кайтарып, Жогорку Кеӊеш 30-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, кетирилген катаны оңдоп, "мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирет" деп өзгөртүү киргизип берди. Депутаттар Кыргыз өлкөсү ЕАЭБдеги чырдын оозунан кайтканын айтып, күнөөлүү чиновниктерди жазалоону талап кылышкан...
Ош мэриясынан Лайфхак: эттин реалдуу баасын аныктоо үчүн мал сатып алып, союп, анан этти сатып көрүү керек. Шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаев базарда эттин баасы негизсиз өсүп жатат деп арыздангандар көбөйгөнүн айтып, 1 аптанын ичинде эттин реалдуу баасын аныктоо тапшырмасын берди. Кадырбаев эттин чыныгы баасын чыгаруу үчүн шаардык бюджеттен 50 миӊ сом бөлүп, бул акчага уй сатып алып союп, сатып көрүүнү сунуштады. Ал ушундай жол менен эттин баасы негизсиз көтөрүлүп жатабы же андай эмеспи билүүгө болот деген ишеничте.
Окуя жылмаюу жаратканы менен, реалдуу бааларды аныктап билүүгө аракет колдоого аларлык. Мэрия шаар башчынын сунушун "арга кеткендеги чара" деп түшүндүрдү. Кыргыз Республикасы азык-түлүктөрдөн эт, сүт жана картошка менен өзүн-өзү камсыздай алат. Ош шаарында учурда 1 килограмм уй эти 330 сомдон сатылууда. Бааларды тескөө, элдин күнүмдүк тиричилигине зарыл азыктарды негизсиз кымбаттатууга жол бербөө - жалгыз гана Ош шаарына эмес, жалпы өлкөгө, анын ичинде Бишкекке да тийиштүү маселе...