Ала-Бука районунун тургуну Сайтнат Ажыбеков ӨКМнын кызматкерлери жеткирип келген шифер бизге 10 сомго кымбат сатылды деп билдирди.
"Шамалдан жабыркагандарга ӨКМ Канттагы шифер заводунан шиферди бекер жеткирип келип беришкен. Анын биринчи бөлүгүнөн шифердин 110 даанасын 270 сомдон сатып алдым. Кийин ӨКМнын кызматкерлери 2-бөлүктү алып келгенде шифердин баасы башкаларга 260 сомдон сатылды. Биз базар баасында канчадан экенин сураган эмес элек", - деп билдирди ал.
Бул тууралуу Көк-Серек айыл аймагынын айыл өкмөтү Камчыбек Исраилов "бул маалымат туура эмес, себеби Көк-Серек аймагына тийиштүү айылдар 260 сомдон алышты" дейт.
"Негизи базарда жеке ишкерлер шифердин 1 даанасын 320 сомдон 360 сомго чейин баалап сатууда. Элдер жабыркаганда өзүбүз кыдырып ар бир тургунга 260 сомдон сатып, ошол учурда айыл өкмөттөгү кызматкерлер ар бир аймактарга бөлүнүп иш алып барганбыз", - деп билдирди.
Жалпысынан Ала-Бука районуна жөнөтүлгөн шиферди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү аймактарга жеткирүүнү бекер кылган дейт басма сөз кызматы.
"Ала-Бука районуна 1-январдан 8-январга чейин 20 жолу жүк ташуу болуп 8800 даана шифер жеткирилген. Андан сырткары социалдык объектилер үчүн 1650 даана шифер жеткирилди. Жалпысынан жүк ташууга келтирилген чыгымды ӨКМ өз милдетине алган. Ал эми шифердин баасын заводдон 260 сомго баалап алганбыз. Аймактарга жеткирилгенден кийинки бөлүштүрүү жана сатуу иштери жергиликтүү бийликтердин иши", - деп билдиришти алар.
Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев тургундарга ашыкча төлөнгөн акчанын айырмасы кайтарылып берилген деп билдирди.
"Чындыгында шиферлер айыл өкмөттөргө жеткенден кийин бааны бычууда жаңылыштыктар болгон. Шифердин баалары кээ бир жерлерде 220 сомдон 250 сомго чейин сатылса, кээ бири 290 сомдон сатып алган учурлар катталган. Булардын бардыгы айыл өкмөттөрдө базар баасын билбегендиктен улам келип чыккан. Бирок кымбат баада сатылып кеткен тургундарга акчаларын кайтарып беришкен. Мен кечээ эле ушул маселелер тууралуу аймактагы айыл өкмөттөргө жолугуп жыйын өткөрдүм", - деп билдирди район акими.
Эске салсак, 27-декабрда болгон катуу шамалдан жабыркаган Ала-Бука районунун айылдарына 2-январда чатырларын жабуу үчүн шифер жөнөтүлгөн. Окуя болуп жаткан аймактан SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына 8-январда окурман "Гуманитардык жардам катары берилген шиферлер өз баасынан кымбат сатылууда" деген маалыматын жөнөткөн.