Бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев республикалык бюджеттин 20 пайызы жергиликтүү бюджетке берилишин сунуштады.
"Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттин 11 пайызы гана берилет. Биздин көпчүлүк эл айылда жашайт. Бул статистиканы Каржы министрлиги билдирген. Менин сунушум жергиликтүү бюджетке бериле турган каражатты эки эсеге көтөрүү керек. Жок дегенде 20 пайызга жогорулатуу зарыл. Аларды Каржы министрлигинин тегерегинен суратпай, тилемчилик кылдырбай бөлүп бериш керек. Калганы борборго жетет да", - деди депутат.
Вице-премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Санжар Муканбетов бул маселе карала турганын айтты.