"Ымыркайын колуна алып унаа башкарган эне табылса, административдик жазага тартылат". Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы аны издөөнү улантууда

Бишкекте колундагы наристеси менен унаа башкарып бараткан аял дагы деле издөөдө. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Интернетке ымыркай наристесин колго алып унаа башкарып бараткан аялдын видеосу тараган. Видеодон анын жанындагы орундукта колундагы баласынан башка дагы бир кичинекей бала отуруп баратканын да көрүүгө болот.

Видеону автор 6-январда саат 16:00 чамасында Шабдан баатыр, Горький көчөлөрүнүн кесилишинен тарткан. Административдик кодекс боюнча 12 жашка чейинки баланы унаанын алдына отургузууга болбойт. Тобокелге салып унаа башкарган аял табылса, бул аракети үчүн 2 миң сом өлчөмүндөгү айып пул төлөшү мүмкүн", - деп билдирди аталган кызматтан.

Эске салсак, колунда наристеси менен унаа башкарып бараткан аялдын видеосу интернетке тарап талкуу жараткан. Учурда аялды издөө иштери жүрүүдө. Видео сапатсыз тартылгандыктан аял кишини аныктоо мүмкүн болбой жатканын кошумчалады Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Колундагы наристеси менен унаа айдап баратат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
aralbek
2018-01-11 00:38:22
Обу жок катын орсок уй саайт дейби кыргызда
-4
imanchik
2018-01-11 00:41:06
1000 сом штраф менен кутулат да))
+4
Reakciya
2018-01-11 01:14:00
Раз видеого тартсан, жудобой норма тартпайсынбы, болбосо тартканынды жуктобой эле койбоптурсун не рыба не мясо кылбай.
+4
Kuyoo_bala
2018-01-11 01:14:09
Дагы бир жапайы тартканда,кечээ тиги маршруткадагысы,бугун мунусу...эмне максатта тартты аны тушунбойсун,же ошого жараша онугуп кетсе же бир чара корушсо олойун,колуна тыйын карматып койот,кутулатда.Биздин мыйзам "салам каттай" эле болуп калдыго)))
+5
baboskin
2018-01-11 02:03:55
жазалаш керек, адам омуру менен ойношпош керек, ар бир нерсенин озунун эрежеси бар да, ат корбоон минип олтурот деген соз бекеринен айтылбаган да
-1
Benazir08
2018-01-11 03:56:08
Айиии мен деле дайыма эле баламды салып чогуле журуп чонойттум чон уулум 6 7 айлык эле уйдо эчким жокто астыма коюп алып машина айдап токойго сууга барчымун. Анан эмдеткени синдими да салып алчумун бирок баламы синдим кармап отурганда балам когоруп ээрип талып кетчу алдыма отургузуп же уктап калса да алдыма алып айла жок айдайт элем. Себеби бизде уул деген жок. Быйыл эле айылга дагы бардым балам 3 жашар кичуусу 3 айлык чурпо эле эмканага кичуу уулум люлькасына салып астынкы сиденияга коюп эле
+3
Benazir08
2018-01-11 03:57:56
Апарып жаттым айла жок азыр баары озу озу менен анан кимге жалдырайм?! Чон уулумду 2 айында прививкага апарам деп жаны кар жааган экен лысый балон мн билбей эле чыгып алган экем варотадан чыкканда эле ылдыйышка айдаганда 3 айланып кеттим. Кудай бир сактаган. Бул мактаныш эмес жашоодогу корунуш
0
myrzaym
2018-01-11 07:33:40
балан ыйлаганда машина айдасан да самалет айдасан да алганга туура келет энелик инстинкт иштейт энелер аман болсун илгери кокурогуно жабыштырып алып эгин жыйнап эркектин жумущун да кылган
+3
Mysoul
2018-01-11 08:57:07
Кооп эле кором алдына отургузуп айдагандарды
0
solntse95
2018-01-11 09:33:56
Автокресло алып коюш керек баланын коопсуздугу учун!
0
Muslim_KGstana.
2018-01-11 10:51:43
Мурат Жалиевге да штрафф салгыла,аларды деле корсонор керек???
0
RusMos76
2018-01-11 11:06:09
Озуно да кошо айып салышы керек тарткан адамды да издегиле жол коопсуздугу эрежеси боюнча.
0
admin_superstan
2018-01-11 11:21:30
ermek19, этика нормаларын сактаңыз.
0
tynara81
2018-01-11 11:58:31
Биздин кошуна келин деле баласын алдына уктатып коюп айдап кете берет.
0
SaLtY
2018-01-11 18:05:52
Ээ андан коро музыканы ким ырдап атат,ошону айтып койгулачы бай болгур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан