Бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин комитети өкмөттүн инвестиция тартуу боюнча ишин жетишсиз деп тапты.
Жыйында "Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкерликти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" токтомунун аткарылышы боюнча каралды.
Депутаттар бул маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыгуу чечимин кабыл алышты.
Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө" токтомунун аткарылышы тууралуу отчётту күн тартибинен алып салды.