СУПЕРСТАН: "Үй-бүлөдө аялдын эркектен көп акча тапканы эркектин намысына тиеби?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эгер аял эркектен көп акча тапса, эркектин намысына тиеби?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Өзүң менен катар аялың да сага таяныч болуп турса жакшы да. Болгону аял киши үйдүн казынасын кармагандыктан, ар бир ишти акыл парасаты менен чечиши керек деп ойлойм. Мисалы, өзү тапса да, эркек тапса да аны туура жолдо колдонуусу керек. Күйөөсүнөн көбүрөөк тапса, анысын милдет кылбай, жолдошун башка бирөөлөрдүн алдында кемсинтпөөгө аракет кылышы керек. Аялдардын көпчүлүгү күйөөсүнө караганда кичине эле көп таап калса, "күйөөм үйдү бага албайт" деп калышат. Бул сөздөр эркекти уулап таштайт".

"Азыркы заманда аялы үй-бүлөсүн баккан учурлар көп болуп калбадыбы. "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт" дегендей, аял күйөөсүнүн туш келип калган убактылуу кыйынчылыгына жөлөк-таяк болуп турса, үй-бүлө сакталып калат".

"Үйдө эркектердин көбүрөөк акча тапканы эле жакшы го. Аялынан бир аз өйдө турат, сөзү да өтүмдүү болот".

"Эркек аялынын алдында материалдык жактан кор болбошу керек. Ошол эле учурда аялынын иштеген иши жана анын жашоодогу орду менен сыймыктана тургандай болушу кажет. Экөө бири-бирин колдоп, ар биринин кылган ишине маани берип, келечекти түзүүдө бир пикирде болгондо гана чыныгы сүйүүнү сезе алышат".

"Аял миллион таап, эркек 20 сом тапса деле анын баары үй-бүлө үчүн кетет. Үй-бүлөдө биринчи ирет сый, ынтымак болуш керек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aman0296
2018-01-09 22:33:10
Кээ бир эркектер уйдо интернет,телевизор коруп жатышат. 1 сом таппай. Байкуш аялдары кычыраган суукта базарда товар сатып отурушат
+5
trabzon11
2018-01-09 22:53:48
aman0296,туура айтасыз.Базарда
Жалан эле аялдар
+5
Nevestkaa
2018-01-09 23:24:02
Эркек киши үйдүн кемкарчын толуктап үй бүлөсүн камсыздаса ,аялы үй жайын балдарынын тарбиясын караса мына ошол эң бактылуу үй бүлө.Аялга караганда эркек акчаны көп тапса сөзү өтүмдүү болот,аялдар кичине акча кармасак көөп кетебиз моюнга алыш керек.Үй бүлөсүн камсыз кылган эркектер өтө аз азыр ,алдыңы артыңы оң жак сол жагыңы кара баары аялын алдына салып иштетип жүрүшөт.
+6
Aikoo2014
2018-01-11 01:16:53
Nevestkaa,


Кооп эле +бастым, созунуз туура окурман.
0
trabzon11
2018-01-10 02:48:17
Биз эркектер негизи жоопкерчиликтуу
болбой жатабыз.Байкуш апалар,эжелер журот темселеп уй було багыш керек деп.Эркектер уй булону камсыз кылыш биздин колдо,аялынар иштебей эле баланарды карасын.тарбияласын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан