Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук ооруканасында бир дагы кулак-мурун дарыгери жок болуп жатканын айтып бүгүн, 9-январда "Элдик кабарга" окурман билдирүү жиберген. Кара-Кулжа шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Чынара Карымчакова бул маалымат боюнча жооп берди.
"Биз буга чейин Казыбек аттуу врачты кулак-мурун дарыгерине окутканбыз. Ал 4 ай окуп келип, бизде иштеген. Бирок 2017-жылдын июль айында ал өргүүгө чыгып, Орусияга кетип калды. Анын ордуна биз жарым ставкага башка дарыгер алганбыз. Ал 2017-жылдын октябрь айында ден соолугуна байланыштуу өргүүгө чыгып, жумуштан кетип калды. Бизде азыр кулак-мурун дарыгери жок болуп жатат. Азыркы тапта көз доктурду кулак-мурун дарыгерине адистештиргени жатабыз. Ошону менен жакынкы арада маселе чечилет деп ойлойм. Андан тышкары биз Ош мамлекеттик университетине ординатураны өтүп жаткандарды бизге жиберүүгө сураныч катын жөнөткөнбүз", - дейт Чынара Карымчакова.
Айта кетсек, окурман төмөнкүдөй билдирүү жөнөткөн. "Кара-Кулжа районундагы бейтапканада да, ооруканада да кулак-мурун дарыгерлери жок. Район боюнча бир дагы кулак-мурун дарыгеринин жоктугун кантип түшүнөбүз? Бул ооруканага адамдар балдары менен айылдардан келип убара болууда. Бейтаптар Ош шаарына же Өзгөн шаарына барганга аргасыз. Бул эл үчүн убара жана чыгым. Оорукананын директору дарыгердин качан болору тууралуу суроолорубузга оңдуу да жооп берген жок", - деген окурман.