Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуп, Москва шаарындагы Кыргыздар кандай жумуштарга иштей алышат? - деп окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу суроо узатты.
"Биздин өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке кошулганына карабай, Москва шаарында көп жерлерге жумуш издеп барсак, "Бизде Орусиянын, Беларустун жана Казакстандын жарандары гана иштей алышат" деген жоопту угуп келебиз. Эмне үчүн аталган өлкөлөргө уруксат берилип, ал эми биздин жарандарга иштөөгө болбойт? Биз кайсы жумуштарда иштей алабыз?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.