"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кыргыздын Орусиядагы элчилиги: "Кыргыз жарандарына бир топ жеңилдиктер каралган"
"Москва шаарындагы Кыргыздар кандай жумуштарга иштей алышат?" - деп бүгүн, 9-январда "Элдик кабарга" окурман билдирүү жиберген. Орусиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетова бул маалымат боюнча жооп берди.
"Биздин өлкө Евразиялык биримдикке киргенден кийин Кыргыз Республикасынын жарандарына бир топ жеңилдиктер каралган. Жумушка уруксат алуу жок. Жумушка иштөө үчүн патент алуу жок. Биздин жарандар калкты тейлөө чөйрөсүндөгү бардык ишканаларга кирип иштөөгө укуктуу. Бүгүнкү күнү Кыргыз жарандарынын көпчүлүгү дүкөн, ресторан, кафе, чач тарач, сулуулук салондорунда, такси, маршруттук унааларды айдоо жана башка калкты тейлөө чөйрөсүндө иштеп жатышат. Учурда мурдагыдай көчө шыпыргандар жана кар күрөгөндөр азайган. Ал эми, албетте, мамлекеттик органдарына, мамлекеттик ишканаларына жана мекемелерине Орусиянын жарандыгы керек болот. Кененирээк маалымат алуу үчүн Мамлекеттик миграциялык кызматына кайрылсаңыздар болот", - дейт Гүлбарчын Байымбетова.
Автор: Нурсултан Нурболот уулуФото: Интернеттен алынган
Эмне, биздин элчиликте жалан эле калпычылар чогулуп алышканбы?!! Биз мамлекетке салыкты, Окмот ушуга окшогон элчилик менен анын калпычылардан куралган штабын кармап туруу учун толойбузбу?!!
Элчиликтен жооп берген айым "кыргыздар тейлоо тармагындагы бардык ишканаларга иштоого укугу бар" деп жазыптыр... Бул карандай калп экенин билет болду бекен бул айым?!! Жарыя боюнча биз кайрылган ар экинчи коммерциалык ишкана, биз только РФ жарандарын жумушка алабыз деп жооп кайтарышат.
+11
nurbek11
2018-01-10 18:32:04
fantomas,досум элчилик мыйзам боюнча айтып жатат. бирок ал фирмалар кыргыздарды албай жатса маселе ал фирмаларда мыйзамда эмес. Иш беруучу кааласа алат каалабаса эч ким аларды зордоп кыргыздарды ишке ал деп айта албайт.
0
fantomas
2018-01-10 03:28:21
Калп болсо айткыла... Жада калса АЗСтерде май куючу (заправщик) болуп иштоо учун да РФ жарандыгын сурашат. Болбосо АЗСтер коммерциялык ишканалар эмес, мамлекеттик ишканалар бекен?!! Оруссия банктары тейлоо тармагына кирбейт бекен?!! Биздин Мол Булакты айтпаганда, Сбербанк, Альфа банк, ВТБ 24, Тинькофф банк ж.б. Оруссиялык банктарда канча кыргыз жараны иштейт экен, элчиликтин кабары барбы, банкта иштеген кыргыз уборщица, дворниктерди эсептебегенде?!!
+10
fantomas
2018-01-10 03:35:58
Жогоруда элчиликтин кызматкери санаган жумуштарда (кассир, официант, бармен, продавец зала/мерчендайзер, грузчик, упаковщик, комплектовщик, разнорабочий, дворник, уборщица, парикмахер, прачечная, автомойщик, доставщик, курьер, строитель, перевозчик пассажиров, перевозчик груза, продавец ж.б.) кыргыздар менен бир катарда озбек, тажиктер да иштейт. Жалгыз айырма, кыргыз жарандары патент алышпайт...
+11
fantomas
2018-01-10 03:38:39
Ошондо менден Москвадагы кыргыз элчилигине суроо: силер патенттен башка дагы кайсы женилдиктерди айтып жатасынар?!!
ЕАЭСке мучо Кыргызстандын жарандары менен ЕАЭСке мучо эмес Озбекистан, Тажикистандын жарандары бирдей жумуштарда иштешет?!! Кана ошондо Кыргызстандын ЕАЭСке киргенде тапкан пайдасы?!!
+12
fantomas
2018-01-10 03:42:45
Россиядагы кыргыз жарандарынын 85-90%ти жасалма эмгек келишими (трудовой договор) менен журот. Аны элчилик жакшы билет, бирок чара коруп абалды ондогусу келбейт. Оруссиянын копчулук ишканалары мамлекетке салык толоодон качып, кол алдында иштеген мигранттар менен эмгек келишимин тузууну самашпайт, алар учун ишкана мамлекетке салык, соц.фонд толомдорун тологусу келбейт.
+11
fantomas
2018-01-10 03:46:17
Жыйынтыгында эгер кыргыз жарандары жумушта кырсыкка кабылса же каза болсо, ошол жумушчуларды иштеткен ишкана да, Оруссия Окмоту да, кырсыкка кабылган же каза болгон кыргыз жарандары учун компенсация толоодон баш тартышат. Сурасан эмгек келишими болгон эмес, мыйзамсыз иштеп келишкен деп кутулушат. Калп болсо айткыла!!! 2016-жылы Москвада орттон 14 кыргыз кыз келинибиз, жакында орттон 2 кыргыз жигити каза болду, Оруссия Окмоту аларга компенсация толодубу, толосо ким корду?!!
+12
fantomas
2018-01-10 03:50:50
Оруссиядагы кыргыз жарандарынын 90-95%тинин регистрациясы жашаган квартирасына жасалган эмес, ал квартираны мигранттарыбызга ижарага берген орус хозяйкалар, мигранттарды оз уйуно регистрация кылдырбайт дагы... Муну да элчилик билет. Бирок орус полициясы каалаган убак квартираны "басып", анда жашаган кыргыз жарандарынын ишин сотко ашырып, мигранттар андан ары депорт болушу мумкун. Мигранттардын регистрациясы жашаган уйго коюлбаганы учун шылтоосу менен. Же калппы?!!
+12
fantomas
2018-01-10 03:55:22
Биздин элчилик ошол сот процесстерине акысыз адвокат/юрист жонотуп жардам берууго да жарабайт эч болбосо...
Кана эми жооп бергилечи элчилик кызматкерлери, мен санаган акыркы 2 маселе боюнча, эмгек келишими жана регистрация боюнча мигранттарга эмне жардам кыла алдынар?!! Орус Окмоту менен бул темада мигранттардын пайдасына кандай пайдалуу келишим тузо алдынар?!!
+10
fantomas
2018-01-10 03:58:57
Орус ишканаларын 90%ти мигранттар менен эмгек келишимин тузууну каалашпаса, орус хозяйкалардын 95-99%ти кыргыз мигранттарынын регистрациясын аларга ижарага берген квартирага каттатууну каалашпаса, эмнеге биздин мигранттар куноолуу болушу керек?!! Эмнеге ошонун айынан биздин мигранттар депорт болушу керек?!! Эмнеге орус бийлиги эмгек келишимин тузуудон качкан орус ишканалары менен квартирасын ижарага берген орус хозайкаларын жазалоонун ордуна биздин мигранттарды жазалайт?!!
+10
fantomas
2018-01-10 04:09:23
Бул боюнча орус бийлиги менен суйлошуп, мигранттардын пайдасына чечип беруу учун элчилик балээнин да ишин кылбай отурушат, эшек такалап, элдин бешене тери, коз жашынан куралган миллиондогон акчалар каяктагы бекерпоздор чогулган элчиликтер учун сарпталат...
Кайран гана акчалар...
Ал эми Москва шаарындагы кыргыз элчилиги оз жарандарына жардам беруунун ордуна, кайра оздору полиция чакырып, кыргыз жарандарын ОМОН, Оруссия полициясынын колуна салып берет. Бул факт!!!!
+10
Дарыгер
2018-01-10 04:45:49
Кашкайган чындыкты жазыпсын!!! Азаматсыз! Элчилике кайрылсан созунду да укпайт. Мигранттарга акысыз жардам берсин аларга коп укук берилген. Бирок!!! Акча сурашат, бербесен маселенди угуп да койбойт
+7
almanbetperm
2018-01-10 06:57:08
Посольстводогулар коньяк саткандан башка нерсе корбодум
+3
kechirmeni
2018-01-10 09:54:12
брат азаматсын, реально фантомас экенсин
+1
Akyl78.1501
2018-01-10 10:08:34
Гулбарчын Байымбетова сенин туугандарын эле жакшы иштесе бут кыргызды жакшы иште иштейт деп ойлойсунбу жалганды азыраак суйлосон. Даже посольствого кайрылсан нормально жардам бербейсинер вообще-то жаап салыш керек посольствону эч пайдасы жок наоборот жемекорлор кайрылып барсан канча бересин дейт
+1
Azatbek83
2018-01-10 12:39:08
Жаап салыш керек посольстванын кереги жок!!!Жооп жазганы жалган айткан жумуштарда озбек тоджиктерде иштешишет.Бир Кудайдын коркуп жооп беришсе болмок олуп кетип жатсанарда чын суйлогуло креслонор учун кан жутуп жалган суйлогунчо чындыкты айтып жумушундан чыгып кет!!!!!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.