Сапар Исаков Калыкбек Султановду өзүнө кеңешчи кылып дайындады

Калыкбек Султанов премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Сапар Исаков тийиштүү жарлыкка кол койгон.

Калыкбек Султановдун өмүр баяны:

Султанов 1956-жылы 23-сентябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1981-жылы Фрунзе политехникалык институтунун инженер-экономист адистигин аяктаган.

  • 1981-1982-жылдары Темир-бетон заводунда мастер болуп иштеген;
  • 1982-1986-жылдары 145-механизацияланган көчмө колонна "Чүйпромстрой" трестинде мастер, прораб, ага прораб болуп иштеген;
  • 1987-1990-жылдары 264-механизацияланган көчмө колоннасында башкы инженер болуп иштеген;
  • 1990-1995-жылдары 69-механизацияланган көчмө колоннасынын "Чүйпромстрой" трестинде иштеген;
  • 1995-1997-жылдары "Чүйпромстрой" трестинин башчысы болуп иштеген;
  • 1998-2011-жылдары "Авангард-Стиль" курулуш компаниясынын башкы директору болуп иштеген;
  • 2011-2015-жылдары Транспорт жана коммуникация министри болгон;
  • 2016-жылдын май айынан тарта президенттин кеңешчиси болгон;
  • 2017-жылдын августунда президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулган.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мамлекеттик кеңешчиси" класстык чинине ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан