Өкмөт башчы Сапар Исаков ымыркайлар төрөлгөндө бериле турган сүйүнчү пулдарын эсептөө маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кеңешмеде өкмөт башчы жарандар үчүн сүйүнчү пул алууну максималдуу түрдө жеңилдетүү жана аны алуу үчүн арыз берүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды төмөндөтүү зарылдыгын айткан.
Ошондой эле мааламытта Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин сүйүнчү пулду берүүнү оптимизациялоо үчүн алардын жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосунда электрондук байланыш иштелип жатканын айтканы белгиленген. Анын айтымында электрондук байланыш аркылуу ымыркай төрөлгөндөн кийин аны каттоодо ымыркайдын жана ата-энесинин жашаган жери, банк эсебинин номери электрондук түрдө Мамлекеттик каттоо кызматынан Социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумуна жөнөтүлүп турат.
Андан сырткары ал сүйүнчү пул алууда жана жаңы төрөлгөн ымыркайды каттоо үчүн жарандарга Жарандык абал актыларын каттоо кызматына гана кайрылуу жетиштүү боло тургандыгын кошумчалаган.
Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова учурда өлкөдө социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан сүйүнчү пул алуу үчүн жарандардан арыздар чогултулуп жатканын айткан.
"Кеңешменин аягында өкмөт башчы Мамлекеттик каттоо кызматына, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Финансы министрлигине 2018-жылдын 15-февралына чейин сүйүнчү акчаны берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизмин жана ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгууну тапшырды", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.