Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлигин карап жатат.
Дастан Бекешев: "Чакан өлкөгө төрт вице-премьер министр ашыкча эмеспи?" - деп сурады.
Анда биринчи вице-премьер министр Аскарбек Шадиев өкмөттө төртүнчү вице-премьер министр жок өкмөттүн ишинде жыйынтык жакшы болбой жатканын айтты.
"Мен да депутат болуп залда отурганда төрт вице-премьер министр көп болот го деп ойлочумун. Бүгүнкү күнү оюм өзгөрдү, өкмөттө жумуш көп, кечке чейин иштеп жатабыз", - деди Аскарбек Шадиев.
Бекешев вице-премьер министр макамын министрлерге эле берүүнү сунуш кылды.
"Вице-премьер министрлердин кызматы тапшырма берүү. Алар министрди жумуштан алып же сөгүш бере алышпайт. Айдоочусу, жардамчысы болот. Ошондуктан министрлерге эле вице-премьер министр макамын кошуп беришибиз керек", - деди Дастан Бекешев.
Белгилей кетсек, төрт вице-премьер министр кызматы бар. Биринчи-вице-премьер министр Аскарбек Шадиев, вице-премьер министр Чолпон Султанбекова, вице-премьер министр Дайыр Кенекеев. Учурда дагы бир вице-премьер министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралууда.