Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңеш төртүнчү вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлигин карады. Депутаттар Муканбетовго карата суроо салышты.
Анда депутат Эмил Токтошев өлкөдө казино, кумар оюндарына уруксат берүүгө Муканбетовдун көз карашы кандай экенине кызыкты. "Кумар оюндарына бизде тыюу салынып калды. Коңшу Казакстанда, Орусияда уруксат берилген. Эгер өлкөдө казино, кумар оюндарына уруксат берсек, бул бюджетке киреше алып келеби?" - деп сурады Токтошев.
Муканбетов: "Кумар оюндарына карата саясий чечим кабыл алынып калган. Өкмөт аткаруучу орган. Мыйзамда кандай жазылган болсо, биз аны аткарабыз. Эгер буга уруксат берилсе, бюджетке киреше алып келет", - деп жооп берди.
Ушул эле казино, кумар оюндарына уруксат берүү боюнча суроо менен Муканбетовго депутат Бакирдин Субанбеков да кайрылып, ушул эле жоопту алды.