Ала-Бука районунда "Иштамберди" алтын кенин иштеткен "Фулл Голд Майнинг" компаниясы менен жумушчулар бир чечимге келишти. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кытайлык ишкананын Тоо-кенчилер кесиптик кошууну менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин 370 кызматкердин эмгек келишими 1-январдан тарта узартылды. Ага ылайык, кызматкерлер 15-январдан баштап жумушка чыгышат.
Ошондой эле алтын казган компания кызматкерлердин төлөнбөй калган айлык-акыларын толук төлөп берүү жана 3 маал ысык тамак менен камсыз кылууну өз моюнуна алган. Мындан тышкары кызматкерлердин айлык-акысы мурункуга салыштырмалуу төмөндөбөйт.
Эске салсак, Ала-Бука районундагы "Иштамберди" алтын кенин иштеткен кытайлык “Фулл Голд Майнинг” компаниясы 400гө жакын жумушчуну иштен бошоткондугу маалымдалган.