КҮНСЕРЕП: Жээнбеков өнүгүүнү айылдан баштады

Бүгүн, 10-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламент Санжар Муканбетовду вице-премьер кызматына шайлады. Анын талапкерлигине 98 депутат добуш берди. Чиновник буга чейин Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматын жетектеп келген. Эми өкмөттө экономика тармагын көзөмөлдөй турганы айтылды.

Парламент төрт айда төрт жолу вице-премьер шайлады. 2017-жылы августта Сапар Исаковдун өкмөтү шайланып, анда Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер, Дүйшөнбек Зилалиев, Темир Жумакадыров жана Чолпон Султанбекова вице-премьер болушкан. Жумакадыров октябрда жол кырсыгынан каза болду. Көп өтпөй, ноябрда Зилалиев кызматтан кетти. Абдыгулов ноябрда биринчи вице-премьерликтен түшүп, вице-премьерликке шайланса, декабрда Улуттук банктын төрагалыгына кайтты.

Бул арада депутаттар 1-вице-премьерликке депутат Аскарбек Шадиевди, вице-премьерликке Дайыр Кенекеевди шайлашты. 2 жыл мурун Жогорку Кеӊеш өкмөттүн түзүмүнө өзгөртүү киргизип, жаӊы вице-премьерлик кызмат пайда болгон. Ага ылайык, Жеӊиш Разаков чек ара маселелери боюнча вице-премьер болуп дайындалган эле. Азыркы тапта чек ара маселесин Дайыр Кенекеев, укук коргоо тармагын премьер Сапар Исаков өзү көзөмөлдөп жатканы айтылды.

Вице-премьер шайлоо менен катар парламентте өлкө үчүн 4 вице-премьер ашыкча деген маселе талкууга алынды. Дастан Бекешев "вицелер" өз алдынча маселе чечпей турганын, бирок айдоочу, жардамчы жалдап, айлык алып бюджетке ашыкча жүк болорун, андыктан бул кызматтарды жоюп тийиштүү министрлерге "вице-премьер" статусун берүүнү сунуштады. Жакында гана 1-вице-премьерликке шайланган Аскарбек Шадиев мындай идеяга каршы чыкты. “1 эле вице-премьердин жоктугунан өкмөттө иш жылбай калат”, - дейт ал.

Депутат Рыскелди Момбеков парламент күздөн бери вице-премьер шайлоо менен алек болуп, эл эле эмес бул иштен депутаттардын да башы айланып калды дейт. Мындай сөздөрү аркылуу депутаттар премьер-министр Сапар Исаковго өкмөт мүчөлөрүн тез-тезден алмаштыруу ишти артка тартат деген салам дубай жолдошту...

Жумуш учурунда мас болуп, иш бөлмөсүндө уктап жаткан деген айып менен Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташов, анын орун басары иштен алынды. Маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди. Эске салсак, 9-январда интернет желесине Ташовдун иш бөлмөсүндө тартылган видео тараган. Анда эки адамдын уктап жатканы, столдун үстүндө арактын бөтөлкөсү турганы тартылган. Ташов окуя 2017-жылы президенттик шайлоонун эртеси болгонун ырастап, шериги экөө шире суусундугун гана ичишкенин, бирок кантип уктап калганын билбей турганын айтат. Жергиликтүү чиновник "ширеге уйку дары кошуп коюшкан өңдүү. Эртеси ооруканага кайрылгам”, - дейт. Бирок өзүнүн уйку дарыдан улам уктап калганын далилдеген документ жарыя кылбады.

Ташов “бизди видеого тартып таратып жиберишти" деп өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерден шектенүүдө. Ташовдун айтымында, 8-январда ал кол алдындагы иштеген айымга "ишин татыктуу аткарбаганы үчүн" сөгүш берип, сөгүш алган кызматкер жетекчисине каршы компроматы бар экенин айткан. 9-январда интернетке аталган видео тарады. Албетте, бул окуяда "уйку дары" операциясына ишенүү кыйын. Ага караганда кызматкер жетекчисинин жоругун тасмага тартып алып, ыӊгайлуу учурду күтүп жүргөн болушу мүмкүн деген версия чындыкка жакыныраак...

Татту Мамбеталиева премьер-министрдин кеӊешчиси болуп дайындалды. Мындан эки күн мурун өкмөт жетекчиси Сапар Исаков 9-январда Калыкбек Султановду да өзүнө кеӊешчи кылып дайындаган. Сапар Исаков ушуну менен өзүнө 10-кеӊешчи дайындады. Өкмөттүн Мамлекеттик башкаруу жана кадр иштери боюнча бөлүмүнүн билдиришинче, Исаковдун штатта, бюджеттен маяна алган кеӊешчилери бешөө, алар: Токон Мамытов, Гүлнура Төралиева, Мурад Омоев, Талант Султанов жана Калыкбек Султанов. Калгандары өкмөт жетекчисинин коомдук башталыштагы кеӊешчилери. Кесипкөй адистерден куралган кеңешчилердин курчоосундагы жаш өкмөт башчыдан эл көп өзгөрүүлөрдү, жыйынтыкты күтүп, үмүт артып турган чагы...

Кыргыз жеринде 2018-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Ага ылайык, 1 айдын ичинде уюштуруу комитети түзүлүп, жасалуучу иштер аныкталууга тийиш.

Өлкөдө 2011-жыл "Курманжан датка жылы" деп, 2012-жыл "Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жылы", 2013-жыл "Иштерман жылы", 2014-жыл "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы", 2015-жыл "Улуттук экономиканы чыӊдоо жылы", 2016-жыл "Тарых жана маданият жылы", 2017-жыл "Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жарыяланган.

Аймактарды өнүктүрүү - Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодогу программасында негизги багыттардын бири болчу. Жээнбеков аймактарды тийиштүү өзгөчөлүгүнө, шартына жараша өнүктүрүү керек, Нарын – эт, сүт, Ысык-Көл – туризм, жашылча-жемиш, Талас – төө буурчак, Чүй – кызылча, Баткен – өрүк аркылуу өнүксө болот деген ишенимде. Президенттин жылды эмне деп жарыялаганы мааниге ээ. Таза суу, жол, мектеп, оорукана, бала бакча, дыйканчылык, мал чарбасы, чакан бизнестер, кыскасы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн көбү аймактарда. Быйылкы жылдын шылтоосу менен көп маселелер чечилет деген үмүт жаралды...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан