Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол койгондугу тууралуу Жумгал районунун тургундары менен жолукканда билдирген.
Ал эми жарлыктын мазмунунда жалпы өлкөдөгү тургундардын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча жазылган. Ошондой эле 2017-жылы өкмөт тарабынан кабыл алынган 4 жылдык аймактарды өнүктүрүү саясаты да аталган жарлык менен эриш-аркактыгы айтылат. Аймактарда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү аймактардын экономикасын чыңдоодо зор мааниге ээ. Жаңы жумуш орундары түзүлүп, ички жана тышкы миграция процесстери азайтылат.
Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.