Машыктыруучулардын айлык акысы, спортчулардын стипендиясы 2019-жылдан тартып 50 пайызга жогорулашы мүмкүн

Машыктыруучулардын айлык акысы, спортчулардын стипендиясы 2019-жылдан тартып жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди. Ал көрсөтүлгөн мөөнөттөн тартып, машыктыруучулардын айлык акысы 50 пайызга жогорулай турганын айтты.

Учурда парламент аталган агенттикке байланыштуу мыйзам долбоорун 3-окууда талкуулап жатат. Тийиштүү мыйзам өкмөт тарабынан сунушталган. Аманкулов бул мыйзам кабыл алынса, машыктыруучулардын айлыгы, алдынкы спортчулардын стипендиялары 2019-жылы жогорулай турганына токтолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан