Аламүдүн районунда жайгашкан Чүй суу чарба башкармалыгына таандык жер тилкеде мыйзамсыз көмүр саткандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясы билдирди.
Маалыматка караганда, Мамэкотехинспекция тарабынан жол жээктерин мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштеринин жүрүшүндө Кара-Жыгач айылындагы Анкара көчөсүндө баш аламан көмүр саткандар аныкталган.
"Инспекторлор жеринде баш аламан соода-сатыкты токтотуу боюнча көмүр саткандарга эскертүү берген. Ал эми көмүр саткандар жер тилкесин өзүм билемдик менен колдонуп жатабы же аларга атайын ижарага берилгенби такталып жатат" деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, каналдын жээгинен 15 метр аралыкта курулуш кылуу жана баш аламан соода-сатык жүргүзүүгө тыюу салынат.