Алтынбек Сулайманов: "Коңшулар 40 миң орундуу стадиондорду куруп салышты, биз беш миң орундуу спорттук арена кура албай жатабыз"

"Биз спорттук арена боюнча аябай артта калдык. Коңшу Казакстан, Өзбекстан 40 миң орундуу стадиондорду 350 миллион еврого куруп салышты. Биз 5 миң же 10 миң орундуу арена кура албай келебиз", - деп бүгүн, 10-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов нааразычылыгын билдирди.

Депутат жакында өтө турган Азия оюндары үчүн өкмөт ылайыктуу орун таба албай жатканын айтты.

"Кудайга шүгүр, спорт залдарыбыз жетиштүү. Аймактарда ишкерлерибиз спорт залдарды куруп жатышат. Бизде ошолордун башын бириктирген арена жок. Жакында Азия оюндары болот деп жатышат, аны каякта өткөрүүнү билишпей, азыр Спорт сарайын оңдоп-түзөөдөн өткөрүшүүдө. Спорт сарайына эки миң адам араң батат. Кантип Азия оюндарын, Дүйнө чемпиондугун өткөрөбүз?

Насыяларды алып жолдорду оңдодук, ипподромду салдык. Ипподром бир жылда бир иштейт. Курулушу керек, бул жөнүндө сөз жок. Борбор шаарыбызга бир чоң спорттук арена кура албай жатабыз. Биз Финансы министрлиги менен Спорт агенттигинин директорун тепкилейбиз. Булар спортчулардын курсагын тойгуза албай жүрөт. Ушуну көзөмөлгө алып, өкмөт башчынын алдына ушул маселени коюш керек", - деди Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
kyrgyz.kg83
2018-01-10 13:37:47
120 адам азырак жеп чөнтөктөрүнөн кичинеден кошушса бизде деле салынмак
+12
General.kg
2018-01-10 13:44:06
kyrgyz.kg83, буларсыз эле сүйлөсөң болбойбу? Депутат туура айтат.
-12
Adiletia
2018-01-10 16:52:47
Текебаев чыкмайынча бийлик оңолбойт.
Текебаевти чыгарып президент кылыш керек
+3
aman0296
2018-01-10 13:48:35
Баарын жеп жутуп жатсанар кайдагы стадион? Бир норм тема жок. Суйлойт деп суйлой беришет.
+3
iaau
2018-01-10 13:58:43
Ушул депутатты сыйлачумун бирок монгулорду талкалоого добуш бергенден кийин ишенич кентип калды. Калп эле патриот боло берет экен.
+7
Shokoladka94
2018-01-10 14:09:13
Ошого силер куноолуусунор, урматтуу депутаттар! Бир адамдын буйругуна каршы чыга албай, кайра кошомат кылып, айтканын аткарып, кол кой дегенде кол коюп отура бересинер. Эртенки куну силердин урпактарынар таза суусуз, жерсиз калаарын, карыздан кутула албай тентип кетээрин ойлобойсунар!
+5
Tynybek1989
2018-01-10 14:25:37
4 5 ай оз маянанар менен жашап турсанар (чонтогунорго салбай)анан курулушка акча озунон озу чыгат эле за одно силерда корот эленер айлык акы менен жашаган кандай экенин
+4
KGstan1981
2018-01-10 14:36:58
Зато бир ырчы падышабыз Кой Ташта аябай чон хан сарай куруп салды.
+9
dosym
2018-01-10 15:48:43
Акчаларды бекитип жата бербей чыгарсан, салынат бат эле
+1
-Sumitra-
2018-01-10 16:14:45
Силер эле жок дегенде бир жыл айлык мн жашап жебесенер эле курулат.Депутаттар отуруп алып айта беришет.Анан ажобузго кыйын да ар кайсы олкодон жалдырап карыз сурап журо берет.Качан онугобуз биз?Балдарыбыздын келечеги кандай болот?Жеп жутарлар жок болмоюнча журок кургур тынч албайт.
+1
almanbetperm
2018-01-10 16:39:04
Силерден ашпай атса анан,
+2
Nurik1988
2018-01-10 23:51:50
Иштеп атабыз деп эле суйлой бербегилечи силерди баардыгы билет жеп жуттар экенинерди силерден артса курулабы бир элге пайданар тийбедиго кыргыз элим оз тиричидигин озу кылып атат пешене тери менен. Силер карыз алсанар бир ырчыбыз и бийчибиз женип келсе анын акчасын алгандан кийин силер адамдын кепетесине окшойсунарбы маал десе болот 120сын ии атамбайынар кошуп силер кайф кылышты кана билесинер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан