Бишкекте туура эмес жайга токтотулган унаалар эвакуациялана баштады. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Бишкек шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Атыр Бекмурзаева SUPER.KG порталына билдирди.
Автоунааларды мажбурлоо жолу менен эвакуациялоо боюнча токтом өткөн жылдын апрель айынан тарта күчүнө кирип, мамлекеттик сатып алуу порталына тендер жарыяланып, анын жеңүүчүсү деп "Портал групп" ишканасы табылган.
"Портал групп" компаниясы унааларды эвакуациялоо менен алектенет. Алар "Аю Гарант" менен камсыздандыруу полиси боюнча келишим түзгөн. Унаа жүктөлөрдөн мурун фото жана видеого тартылып, атайын материалга тиркелет. Эгер унааны жүктөө учурунда кайсы бир жери чийилип же жабыркаса, аны "Аю Гарант" компаниясы унаанын ээсине келтирилген чыгымды толук төлөп берет", - дейт Бекмурзаева.
Белгилей кетсек, "Эвакуатор" белгиси турган жерге токтогон унаалар эвакуацияланат. Мындай белгилер көйгөйлүү участкаларга, соода борборлорунун алдына орнотулган.
Мыйзамсыз токтотулган унаа инспекторлор тарабынан протокол түзүлүп, андан соң айып төлөөчү жайга жеткирилет. Унаанын ээси туура эмес токтоткондугу үчүн 1000 сом төлөйт. Бул сумма бюджетке түшөт. Унааны ордунан жылдырып, айып төлөөчү жайга алып барган чыгымды, унаанын ээси "Портал групп" компаниясына төлөп берет. Анын суммасы 1350 сом.