Депутаттар кинематографиялык чыгармалардын мазмунун көзөмөлдөөнү сунуштады

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кинематографиялык чыгармалардын мазмунуна көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору сунушталды.

“Кинематографияны мамлекеттик колдоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка үгүттөгөн мазмундагы тасмаларга тыюу салуу керектиги жазылган. Ошондой эле улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга багытталган, улуттук же тектик артыкчылык, сабырсыздык жөнүндө, порнографиялык мазмундагы эпизоддорго цензура киргизүү каралган. Мыйзам долбоор өкмөт тарабынан демилгеленген. Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dosym
2018-01-10 15:51:46
Тамашоучу балдар тарткан дешёвый кинолорго да тыю салыш керек, жаш муунду деградация кылып бүттү
+1
Dalil
2018-01-10 16:12:08
Биринчи кезекте өлкөнү кантип өнүктүрсө болот ошону изилдегилечи. Парламент көчөдө топтошуп алып ушак кууган кемпирлердин тобунан айырмасы калбай калды. Столду койгулап микрофонго күчүңөрдү көргөзө бербей ишиңер менен көрүнгүлөчү айланайындар. Андай кылыш керек мындай кылыш керек деген сөздү жайлоодон бери түшпөй кой баккан койчу да айта алат.
+1
sagyn932
2018-01-11 12:25:30
Кинематография элдин калыптанышында чоң роль ойнойт андыктан аны көзөмөлдөө эң туура чечим болот деп ишенимдүү айта алам. Бир эле мисал Ош-Бишкек жолунда деген тасмада, түштүк регионубузду замандан артта калган сыяктуу кылып, ашыкча эле сөздөрдү колдонуп тартышкан. Ал жакка барып жеринен көрбөгөн бир акмактар силер мындайсыңар, тигиндейсиңер деп кинодон көргөн жаман нерселерин айтышат. Ушуга окшогон нерселердин айынан түшүнбөстүктөр жаралууда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан