Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңеште интернет-сайттарда спирттик ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору талкууланууда. Анда жарнамаларды текшерүү жагы да каралган. Депутат Кожобек Рыспаев бул мыйзамдан мурда аты улук, улуу инсандардын атын спирттик ичимдиктерге жарнамага пайдаланууга тыюу салуу боюнча мыйзам иштеп чыгууну сунуш кылды.
"Манас" деп аракка чапталып жатат. Чыңгыз Айтматов, Насирдин Исановго окшогон аты улук, улуу инсандарыбызды жарнамага пайдаланууга тыюу салбайлыбы? Бул боюнча депутаттардын баары колдоп берет болушу керек. Тыюу салыш керек. "Манас" деп дүйнөгө даңазалап, ЮНЕСКОго киргизип алып, бул жактан аракка чаптап ичип отурсак, бул жагы туура болобу? Коньяк "Семетей", "Сейтек" болуп калды. Муну эч кандай комиссиясы жок эле, талкуулабай эле тыюу салып коюш керек", - деди Рыспаев.