Казакстан Кыргыз өлкөсүнүн кондитердик азыктарына убактылуу киргизген чектөөсүн алды. Бул тууралуу Казак өкмөтүнө таянуу менен казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр төмөнкү себептер менен алынган:
1) Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тийиштүү деңгээлде санитардык жана эпидемияга каршы иш аракеттер жүргүзүлгөн.
2) Кыргыз өкмөтү тарабынан "Куликовский" ишканасына көзөмөл күчөтүлгөн.
3) Кыргыз кондитердик азыктары ЕАЭБдин талаптарына жооп берген лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөрүлгөн.
Ошондой эле аталган маалыматта эми Кыргыз өлкөсүнүн кондитердик ишканалары азык-түлүгүн Казакстанга алып барып сата берсе болору, бирок дагы үч айга чейин лабораториялык көзөмөлгө алынып турары айтылган.
Айта кетсек, Казак тарап былтыр, 2017-жылдын 10-октябрында Кыргыз өлкөсү менен чек арасындагы текшерүүлөрдү күчөтүп, Кыргыз өлкөсүнүн кондитердик азыктарды чыгарган 5 компаниясынын товарларына чектөө киргизген.