Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында айыл өкмөт башчыларын, шаар мэрлерин шайлоо тартибине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Демилгечилер депутаттардын келишпестигинен шаар, айыл башчыларын тандоодо маселе жаралып жаткандыгын жүйө келтирип, "шайлоого депутаттардын үчтөн экиси катышуусу керек" деген нормага "көпчүлүк депутаттар катышуусу керек" деген өзгөртүү сунуштап жатат.
"Шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын шайлоодо айрым фракциялар жана депутаттык топтор саясий көз караштарынан жана жеке кызыкчылыктарынан улам байкот жарыялоо аркылуу атайылап кворум болтурбай койгон учурлар бар. Муну менен алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону үзгүлтүккө учуратышат. Бул жагдайга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо үчүн талап кылынган депутаттардын минималдуу санын аныктоо сунуш кылынууда. Сунушталган мыйзам долбоорунун негизинде кворум үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин ордуна көпчүлүк депутаттардын катышуусу зарыл", - деди Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев.
Депутаттар мыйзам долбоорун карап биринчи окууда добуш берүүгө жиберди.
Белгилей кетсек, өткөн жылы депутаттардын башы бирикпей, айыл шаар башчыларын шайлоо маселеси ишке ашпай шаардык кеңеш тарап, бюджети бекитилбей Жалал-Абад шаарында, Токтогул районунун Үч-Терек айылында жана башка бир нече аймактарда маселе жаралган.