Жалал-Абадда милиция кызматкерлери жол кырсыгынан каза болгон кесиптешинин үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөтүштү

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери жол кырсыгынан каза болгон кесиптешинин үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында аялы, 2 баласы менен кошо каза болгон милиция кызматкери Нургазы Түгөлбай уулунун үй-бүлөсүнө барып акчалай жардам көрсөтүштү. Ошондой эле каза болгон милициянын ата-энесинин жана аркасында калган 4 баласынын ал-абалы менен таанышты", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, 2017-жылдын 16-декабрында Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында эки унаа сүзүшүп 7 адам каза болуп, 3 адам оор жаракат алып ооруканага түшкөн болчу. Каза болгондордун арасында Токтогул РИИБинин майору Нургазы Түгөлбай уулу да бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Totyua.71.
2018-01-10 20:09:36
Айла жок,жаткан жерлери жайлуу болсун!
0
Beka9393
2018-01-10 20:52:24
Эх Нургазы аке милицияда сиздей адамды коргон эмесмин бир гана сиз болчусуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан