ЭЛДИК КАБАР: "Ошто театрда ажаткана жууп иштеген аял 300 сом айлык алат экен" дейт окурман

Окурман Ош шаарындагы Бабур театрында билетке акча төлөгөндөн тышкары, ажатканага кирүү үчүн 5 сом талап кылынганына нааразы экенин айтты. Бул тууралуу ал "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Биз Ош шаарындагы Бабур театрына бардык. Кире бериш жерде аялдар ызы-чуу болуп кетишти. Көрсө ал жакта ажаткана жууп иштеген аял дааратканага киргендердин ар биринен 5 сомдон алып жатыптыр. Башка жерлерде, мисалы: филармонияда ажаткана бекер. Мындан улам аялдар билетке да, ажатканага да акча төлөп жатышканына нааразы болуп, урушуп жатышты. Көрсө ажаткана жууп иштеген аялга мамлекет тарабынан айына 300 гана сом төлөнөт экен", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Ermekbai
2018-01-10 14:52:48
Ушуну жөн эле койбопсуңарда
+1
Adiletia
2018-01-10 15:55:30
Ermekbai, бабурду ким иштетет?
Дамир Нарматовбу?
+1
Ermekbai
2018-01-10 15:59:40
Adiletia, бабурга тиешем жок.
-1
Ermekbai
2018-01-10 16:02:42
Adiletia, ал жерди көрө элекмин.
+1
Azatbek83
2018-01-11 21:31:37
Adiletia,Озбек иштетет!!!
0
JaneEr
2018-01-10 15:11:52
5 сом чонтоктон жон эле тушуп деле калатго ошого да ызы-чуу кылышса...
+13
Talgat89
2018-01-10 15:11:55
Бечарага 5 сом берип койсонор сооп деле болмок. Байкуш ошондон кунуно 100-200 сом таап бала-чакасын багып журот да туалет жууп. Ошого деле ызы-чуу салып кээ бир адамдар ото эле жадный ээ, бут эле государство толоп берет деген принципке отуп алышкан.
+14
Biinura
2018-01-10 18:07:33
Talgat89,кунуно 200 тушсо. Тушпошу да мумкун ошол акча.
+2
kechirmeni
2018-01-10 15:14:34
Эгер кыстаса го 5сом эмес канча болсо да бергенге даяр элеңер. Жөн эле койбопсунар. Же администрация бир жаңсыл чечип койбоптур
+8
raykray
2018-01-10 15:31:30
Мындай жерлерди Гос толоп,каржылап оз мойнуна алыш кк!!! Бир-жагы туура болуптур жууп иштеген эженин маянасына кошулат деп ойлойм, биз койчу-деп кол шилтеп коюп жыргаган жыргап ататда, 300айлык деген уят уккан кулакка
+6
medet1983
2018-01-10 15:36:33
Кеп беш сомдо эмес,кеп кайсы жерге барба коррупция,мына ушунда.Биз болсо беш сом берсе не болот эле деп,озубуз уйротуп жатабыз.

-5
aman0296
2018-01-10 15:52:23
medet1983,коррупция менен туалетке 5 сом бергендин айырмасын билбейт экенсин
+10
medet1983
2018-01-10 18:28:45
aman0296,туалет ошол бабур театрынын ичинде сен концертке барсан 300 сом бересин ошол жетиштуу
0
Batma08
2018-01-10 17:04:59
Айлыгы аз экен эгер алдап койбосо эле
+2
AzKumFerDan
2018-01-10 17:09:36
Эх 5сом.москвада эн арзан 35руб ал Эми Шаар туалет 50руб ...
+2
JaneEr
2018-01-10 19:04:53
AzKumFerDan,Зато каждый торговый
центр менен бут театр,кафелерде
жаркыраган ажатканалар биздикиндей
сасык,тушуп кетейин деген кооптуу
платный ажаткана эмес.Кара-Сууда
платный туалет
кочуп тушуп канчасы олгон.Ал
жакта жакшы аябай.
0
Azatbek83
2018-01-11 21:35:13
AzKumFerDan, Жакшылап окуп чыксан тушунуп! Сен айткан ажаткана эмес!Орусияда театр теги эле жала калса ТРЦ бекер эле!
0
Elia2015
2018-01-10 17:12:59
бул туура эмес олко боюнча 300сом деген айлык жок. Мен дагы бир мекемеде айлык эсептейм, бирок 300сом мумкун эмес. Жанылыш угуп алсанар керек 3000дир. эгер 0,5штат бирдик менен тазалоочу болуп иштесе шаар жеринде 1500дин тегерегинде болот.
0
falkao
2018-01-10 17:17:07
300айдык деген азыркы тапта жок эле болсо керек. Аны үстүнкү жактан бир айбан алып жатат да.
0
Bek_L
2018-01-10 17:51:42
Филармонияда бекер деп ким айтты 5 сом ал жер деле (ичине кирсен кайра чыгып кетесин)
+1
Eli.91
2018-01-10 18:35:39
Билбейм айына 300 сомго иштеген эчким болбосо керек,анткени ал айлык даже жол киресинен артбайт,бул деген жомок акча,айлыгы 1000 сом десе да ишенбейт элем,анткени жогорудагылардан артканы болбоду легенде 2500 алат болуш керек.
+2
Azatbek83
2018-01-11 21:36:42
Eli.91,Тууура таптын чындып 2500/2700/3000 ге чейин алышат.
0
faysala
2018-01-10 21:08:34
Мен дагы бардым ошол Бвбур театрына. Чындап эле туалет жууган эже 300 сом алам,тепамда Кудай турат деди. Кеп 5 сомдо эмес, ошол эженин эмгеги бааланбай 300 сом алганында. Только концерт кундору ушинтип иштейбиз деген. Жалган айтпаса керек.
0
Taalaibek.
2018-01-11 00:35:28
30 мин сом дагы аздык кылат. Тура чечим чыгаргыла бийлик.
0
Azatbek83
2018-01-11 21:38:03
Унутпагыла алар ошондой цыгандарга окшогон Кудайды кошуп жалган суйлошушот!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан