КСДПнын курултайынын күнү али белгисиз. Анда партиянын төрагалыгына Атамбаевдин талапкерлиги каралмакчы

КСДПнын курултайы качан өтөрү белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда SUPER.KG порталына аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Ал кабарлагандай, курултай январь айында өтмөк.

Анда партиянын саясий кеңешинин төрагалык кызматына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги каралуусу күтүлүүдө.

КСДПнын жыйыны декабрь айында өтө турганы айтылган. Андан кийин январь айында өтөт деген маалыматтар жарыяланган.

Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан