Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалуу драма театрында билетке акча төлөгөндөн тышкары, ажатканага кирүү үчүн 5 сом талап кылынганына нааразы болгон окурман "Элдик кабарга" кайрылган.
Ал ажаткана жууп иштеген аялга мамлекет тарабынан айына 300 гана сом төлөнгөнүн айтып бүгүн, 10-январда билдирүү жолдогон.
Бул боюнча SUPER.KG порталы аталган театрдын жетекчиси Набижон Мамажоновго байланышып, маалыматты тактады.
"Бизде мындай маселе жок. Театр мамлекеттик ишкана болгондуктан мекемеге келгендер ажатканага акысыз киришет. Ажатканада акча талап кылынганы тууралуу менин маалыматым жок. Мен учурда Жалал-Абадда иш сапарда жүрдүм эле. Жумушка барып, бул маселени көзөмөлгө алам. Театрдагы даараткананы жууп иштеген адам айына 2800-3000 сом айлык алат, албетте, аз, бирок 300 сом деген туура эмес", - деди Набижон Мамажонов.