Калифорниянын Санта-Барбара шаарында сел жүрүп, 13 адам каза болду

АКШнын Калифорния штатында бир канча суу ташкындары жүрүп, андан каза болгондор, дайынсыз жоголгондор, жабыркагандар бар. Табият кырсыгынан унаа жол каттамдары жана үйлөр жарактан чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Суу ташкынынын негизги соккусу Санта-Барбара шаарына туш келген. Азырынча 13 адамдын каза болгону такталган. Андан сырткары куткаруучулар жабыркаган 25 адамды ооруканага жеткиришкен. Дагы 12 адамдын дайынсыз болуп жатканы кабарланууда.

Суу ташкыны болгон жерде бир ай мурун өрт чыгып, селдин алдын ала турган бак-дарак, өсүмдүктөрдүн баары күйүп кеткени айтылат. Нөшөрлөгөн жамгыр Тынч океандын жээктериндеги кымбат турак жайлар жайгашкан кварталды кыйроого алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suban78
2018-01-11 13:18:34
Си Си менен Иден эмне болдукен, Уйу зор эле да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан